• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Ош: Шаар мэринин эл менен жолугушуулары башталды

Аймак 0

Бишкек, 17.04.18. /Кабар/. Кечээ, 16-апрелде Ош шаарынын мэри Айтмамат Кадырбаев №1 “Туран” жана №12 “Курманжан-Датка 2” аймактык кеңештеринин тургундары менен жолукту. Жыйынга мекеме-ишканалардын жеткчилери да катышып, көйгөйлүү маселелерди жеринде чечүүгө шарт түзүлдү,-деп билдирет мэриянын басма сөз кызматы.

Жыйындын башында шаар жетекчиси Айтмамат Кадырбаев жыл ичинде аткарылган жумуштар, ийгиликтер менен бөлүшүп, маалымат берди.

“Акыркы 4 жылдын ичинде Ош шаарында 3 чоң көпүрө курулуп, пайдаланууга берилди. А.Навои көчөсүндөгү көпүрөнүн курулушуна бөлүнгөн каражатты максаттуу жана үнөмдүү пайдаланылып, үнөмдөлгөн акча каржаттын эсебинен Н.Исанов көчөсү менен Ленин көчөсүн бириктирген көпүрөнүн, Сай-Бою жана Тилеке Баатыр көчөлөрүн бириктирүүчү көпүрөнүн жана жаңыдан пайдаланууга берилген жайкы сахнанын курулушу ишке ашты. Мындан сырткары, шаарда жарыктандыруу боюнча тынымсыз иш аракеттер жүрүп, шаардагы бардык 640 көп кабаттуу үйлөрдүн короолору жарыктандырылды. Ошондой эле, эс алуу жайларын реонструкциялап, шаардыктардын эс алуусуна кам көрүп, туризм багытын өнүктүрүүгө бет алдык. Учурда шаардагы парктардын 98% оңдоп-түзөөдөн өттү. Учурда жүз жылдык тарыхы бар Т.Сатылганов багында оңдоо иштери башталды”,- деди А. Кадырбаев.

Мындан сырткары, буга чейинки аталган аймактын жашоочулары менен болгон жолугушууда берилген протоколук тапшырмалардын аткарылышы жөнүндө маалымат берилди.

Жыйындын жүрүшүндө жол, таза суу жана башка маселелер туурасында кат жүзүндө суроолор келип, шаар мэри жооп берди. Ошондой эле, А.Кадырбаев тийиштүү жетекчилерге жыйындан соң, жерине барып айрым көйгөйлөрдү көрүп келүүгө тапшырма берди.

Белгилей кетсек, шаар башчысы Айтмамат Кадырбаевдин эл менен болгон жолугушуусу жылына эки ирет өтүп келет. Бул иш-аракет шаар көйгөйүн жеринде чечип, зарыл жумуштарды ирети менен аткарууга өбөлгө түзөт.

Пикир

Оставить комментарий