• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Ош: Шаар жолдоруна 10 тонна туз, 3 тонна кум чачылды

Аймак 0

Бишкек, 21.01.19. /Кабар/. Ошто жааган карга байланыштуу бүгүн таң эрте менен калаанын жолдоруна 10 тонна туз, 3 тонна кум чачылды. Бул тууралуу "Ош тазалык" муниципиалдык ишканасынан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, 3 туз себүүчү техника туз чачса, 2 трактор жолдорду кардан тазалаган.

Жалпысынан 12 жумушчу жана аппарат кызматкерлеринен 2 нөөмөтчү түнү менен кар сүрүп, туз чачышкан.

"Шаар жолдору калаа жашоочулары ойгонуп, кыймыл жанданганча эле тазаланды. Жолдорду тазалоо жумуштары мекеме жетекчиси Нурбек Исмаиловдун көзөмөлүндө болду", - деп айтылат маалыматта.

Пикир

Оставить комментарий