• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Ош шаардык билим берүү башкармалыгынын имаратынан өрт чыкты

Кырсык 0

Бишкек, 21.03.23./Кабар/. Ош шаарындагы С. Супаналиев көчөсүндө жайгашкан Ош шаардык билим берүү башкармалыгынын имаратынан өрт чыкты. Бул тууралуу ӨКМден билдиришти.

Маалыматка ылайык, тилсиз жоо бүгүн катталып, жерине жалпы 3 күжүрмөн эсеп тартылган.

Өрт 1,5 сааттын ичинде толугу менен өчүрүлгөн.

Кырсыктын кесепетинен имараттын 1 бөлмөсүнүн 13 чарчы метр аянты жана жыгач устундуу тунике жабылган чатырынын 180 чарчы метр күйгөн.

Такталган маалыматка ылайык, өрт кырсыгынан адам өмүрүнө коркунуч жаралган эмес.

Учурда кырсыктын келип чыгуу себеби жана келтирилген материалдык чыгымдар эсептелүүдө.

Пикир

Оставить комментарий