• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Ош шаардык ички иштер башкармалыгы “Мыкты ИИО” сынагынын жеңүүчүсү болду

Коом 0

Бишкек, 12.02.21. /Кабар/. “Мыкты Ички иштер органдары” сынагынын жеңүүчүлөрү аныкталды, - деп билдирет Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматы.

Кыргыз Республикасынын ички иштер органдарынын кызматкерлеринин коомдук тартипти сактоо, кылмыштуулук менен күрөшүү боюнча алдыларына койгон тапшырмаларды аткаруунун натыйжалуулугун жогорулатуу, кылмыштарды эскертүү, бөгөт коюу жана бетин ачуу боюнча иштерди өнүктүрүү, ыкчам-кызматтык ишмердүүлүктөрүнүн сапатын жакшыртуу максатында “Мыкты Ички иштер органдары” сынагы өткөрүлдү.

1-орунга татыктуу болгон Ош шаарынын ички иштер башкармалыгы Өтмө туу, сыйлык лента атайын вымпел жана компьютер менен сыйланды. 2-орунга татыктуу болгон Баткен облусунун ички иштер башкармалыгы сыйлык лента, атайын вымпел жана ноутбук менен сыйланды. Ал эми 3-орунга татыктуу болгон Бишкек шаарынын ички иштер башкы башкармалыгы сыйлык лента, атайын вымпел жана түстүү сыналгы менен сыйланды.

Пикир

Оставить комментарий