• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Ош шаардык ички иштер башкармалыгына эки дезинфекциялык туннель орнотулду

Аймак 0

Бишкек, 17.04.20. /Кабар/. Ош шаардык ички иштер башкармалыгына эки дезинфекциялык туннель орнотулду, - деп маалымдайт Ош шаардык мэриясынын басма сөз кызматы.

Билдирүүгө караганда, мындан ары милиция кызматкерлери жумушка дезинфекциялык туннель аркылуу өтүшөт.

Ош шаарынын мэри Таалайбек Сарыбашов дезинфекциялык туннелдерди ооруканаларга жана адам көп келүүчү жайларга да орнотуу пландалып жатканын айтты. Дезинфекциялык туннелдер “Мекеним” улуттук кыймылы тарабынан орнотулду. Аталган кыймылдын активисттери шаардык ички иштер башкармалыгына 400 даана атайын коргоочу формаларды жана 5 миң даана коргоочу беткап да тапшырышты.

Пикир

Оставить комментарий