• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Ош шаардык ички иштер башкармалыгында саптык кароо өткөрүлдү

Аймак 0

Бишкек, 27.10.21. /Кабар/. Кыргыз милициясынын түзүлгөндүгүнүн 97 жылдыгынын алдында Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын өздүк курамынын саптык кароосу өткөрүлдү. Бул тууралуу Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирет.

Бул иш-чаранын талабына ылайык, башкармалыктын жетекчилиги, бөлүм жана кызмат башчылары тарабынан саптык кароо учурунда ички иштер органдарынын кызматкерлеринин коомдук тартипти, жарандардын коопсуздугун камсыздоо боюнча кызматтык милдеттерин аткарууда саптык даярдыгы, кийген формаларынын уставдык талапка жооп берүүсү, сырткы келбети текшерилди.

Ошондой эле кызматкерлер милдеттүү түрдө алып жүрүүгө тийиш болгон буюмдардын бар, же жоктугу каралып, өздүк курамга жетекчилик тарабынан келген буйруктар, көрсөтмөлөр жеткирилди.

Саптык кароо учурундагы аныкталган айрым кемчиликтер иш чаранын соӊунда өздук курамга жеткирилип, ал кемчиликтерди жоюуга бир күн убакты берилди.

Жогоруда белгилегендей, бул иш-чара 1-ноябрь - Кыргыз милициясынын түзүлгөндүгүнүн 97 жылдык урматына карата өткөрүлдү.

Пикир

Оставить комментарий