• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын ыкчам кызматкери пара менен кармалды

Укук тартиби 0


Бишкек, 20.05.22. /Кабар/. Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын ыкчам кызматкери пара менен кармалды, - деп билдирет КР Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинин (УКМК) басма сөз кызматы.

Маалыматка ылайык, УКМК мамлекеттик бийлик органдарындагы, анын ичинде укук коргоо органдарындагы коррупциялык көрүнүштөрдү аныктоо, алдын алуу жана бөгөт коюу боюнча жүргүзүлгөн иш-чаралардын алкагында Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын ыкчам кызматкери 1500 миң АКШ доллар өлчөмүндөгү акча каражатын талап кылуу фактысы аныкталды.

Ушул жылдын 18-майында Кара-Суу районунун аймагында көрсөтүлгөн сумманын 20 миң сом өлчөмүндөгү бир бөлүгүн алып жаткан жеринен Ош ШИИБнин уюшкан кылмыштуулукка каршы күрөшүү бөлүмүнүн ыкчам кызматкери, милициянын майору К.Т.Т., кармалды.

Азыркы учурда тиешелүү ыкчам-тергөө амалдар уланууда.

Пикир

Оставить комментарий