• 89.01
  • 94.71
  • 0.94

Ош шаардык ИИБси күчөтүлгөн тартипте иштей баштады

Аймак 0

Бишкек, 29.12.21. /Кабар/. Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын өздүк курамы 28-декабрдан баштап күчөтүлгөн тартиптеги кызмат өтөөгө киришти.

Ош шаардык ИИБсинин басма сөз кызматынан кабарлашкандай, жаӊы жылдык иш-чараларга даярдык көрүүдө коомдук тартипти, жарандардын коопсуздугун камсыз кылуу максатында атайын иш черчем түзүлдү.

Ал иш мерчемге ылайык, кошумча ыкчам-тергөө топтору түзүлдү, алардын чакыруу болгон жерлерге тез арада жетип баруусу техникалык каражаттар менен камсыздалды. Жаӊы жылды тосууга байланыштуу боло турган иш-чаралар учурунда милиция кызматкерлери коомдук коопсуздукту көмөлгө алышат, коомдук тартипти бузган жарандарга тиешелүү чаралар көрүлөт. Шаар аймагында бир нече профилактикалык рейддик иш-чараларды өткөрүү пландаштырылган. Ар бир кызмат жана бөлүмдөр өздөрүнүн кызматтык милдеттерине ылайык, өз багыты боюнча ишти күчөттүү милдеттендирилген. Коомдук тартипти сактоо үчүн майрам күндөрү милиция кызматкерлерине элдик кошуундун мүчөлөрү дагы жардам беришет.

Ош шаарынын ар бир кичи районуна Ош ШИИБнын жетекчилик курамынан жооптуу кызматкерлер дагы бекитилди.

Бул күндөрү Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын жетекчилиги тарабынан өздүк курамга дагы жеке кызматтык тартипти, мыйзамдуулукту бекем сактап, үктөлгөн милдетти жоопкерчилик менен аткаруу дагы каттуу эскертилди.

Пикир

Оставить комментарий