• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Ош шаардык казыяты Курман айт майрамын борбордук аянтта өткөрөт

Аймак 0

Бишкек, 20.08.18. /Кабар/. Ош шаардык казыяты Курман айт майрамын борбордук аянтта өткөрөт. Бул тууралуу муфтияттан кабарлашты.

Билдирүүгө ылайык, Ош шаардык казыятына караштуу "Имам-Аль Бухарий Алай" мечитинде шаардагы жалпы имамдарга жыйын өтүп, анда шаар казысы Убайдилла ажы Сарыбаев имамдарга Курман айт намазын окуу боюнча буйрукту тааныштыруу менен айт намаздын борбордук аянтта окулуусу боюнча маалымат берген.

"Аны менен катар жыйында азанды өз убагында айтуу, жума хутбасын Кыргызстан мусулмандарынын мин машкармалыгы тарабынан бекитилген тартипте окуу маселелери каралып, шаар казынын орун басары Анасхан ажы Ташхужаев жана Ак-Буура Батыш хатибиятынын баш имам хатиби Мирлан Токтомушов имамдардын кетирген кемчилдиктерине бир катар эскертүүлөрдү беришти", - деп айтылат маалыматта.

Пикир

Оставить комментарий