• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Ош шаардык казыяты шаар аймагындагы намазканаларды текшере баштады

Аймак 0

Бишкек, 25.01.18 /Кабар/. Ош шаарындагы Амир-Тимур кичи шаарчасынын аймагындагы иштеп жаткан намазканалар текшерилип, алардын ишмердүүлүгү менен таанышуу иши жүргүзүлдү. Бул тууралуу муфтияттын сайтында маалымдалат.

Маалыматка ылайык, иш-чарага Ош шаарынын казысынын орун басары А. Ташхужаев, казыяттын чарба, курулуш жана мечиттер бөлүмүнүн адиси А. Абдурахманов катышып, Амир-Тимур кичи шаарчасынын аймагындагы иштеп жаткан намазканалардын жүргүзүп жаткан иштери менен жеринен таанышышты.

Ошондой эле алардын шарттары, курулуш абалын жана иш-кагаздарын карап, тийиштүү имамдарга өздөрүнүн кеңештерин беришти.

Пикир

Оставить комментарий