• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Ош шаардык казыятынын демилгеси менен 400 үй-бүлөгө жардам баштыгы таратылды

Аймак 0

Бишкек, 08.12.17 /Кабар/. Ош шаарындагы Сулайман Тоо мечитинде Ош шаардык казыятынын демилгеси менен 400 муктаж жана майып үй-бүлөлөргө жардам баштыгы таратылды. Бул тууралуу муфтияттын сайтында айтылат.

Маалыматта айтылгандай, кайрымдуулук иш чарасына шаар казысы Убайдулла ажы Сарыбаев, казыят кызматкерлери жана жергиликтүү бийлик өкүлдөрү катышты.

Иш чара алкагында шаар казысы кайрымдуулук эбегейсиз соопту иштерден экендигин айтып, колунда бар инсандарды берешен болууга үндөдү. Ошондой эле бул саамалыкта демөөрчү болуп, сооп издеген инсандарга шаар казысы өзүнүн жана жалпы мусулмандардын атынан ыраазычылык билдирди.

Пикир

Оставить комментарий