• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Ош шаардык кеңешине кайра шайлоого катышкан 4 партия алдыга озуп чыкты — тизме

Шайлоо 2023 0

Бишкек, 11.07.21. /Адил Төлөгөнов - Кабар/. Автоматтык түрдө эсептөө урналарынын (АСУ) алдын ала жыйынтыгы боюнча Ош шаардык кеңешке депутаттарды кайра шайлоодо 4 партия алдыда келе жатат.

Алдыда төмөнкү саясий партиялар келе жатат:

• “Биздин Кыргызстан” партиясы — 33,27%;
• “Улуттар биримдиги элдик" партиясы — 17,26%;
• "Ата-Журт Кыргызстан” партиясы — 36,54%;
• “Бир Бол” партиясы — 8,53%.

Белгилей кетсек, шаардык кеңешке өтүү үчүн саясий партиялар 7%дык шайлоо босогосунан өтүүсү керек.

Эскерте кетсек, Бишкек шаардык кеңешке шайлоого 18, Токмок шаардык кеңешке 6, Ош шаардык кеңешке 8 саясий партия катышты.

Пикир

Оставить комментарий