• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Ош шаардык кеңешинин депутаттары шайлоочулар менен жолугушууларды өткөрүүдө

Аймак 0

Бишкек, 25-апрель /Кабар/. Ош шаардык Кеңешинин төрагасы Ж.Ормонов, туруктуу депутаттык комиссияларынын төрагалары менен биргеликте Аймактык кеңештерде шайлоочулар менен жолугушууларды өткөрүүдө. Бул тууралуу шаардык кеңештин басма сөз кызматы билдирди.

Жолугушуу №9 “Амир-Темир” аймактык кеңешинде башталып, бул аймактагы аткарылган иштер жана көйгөй лүү маселелер боюнча талкуу жүргүзүлдү. Ошондой эле, Ж. Ормонов Ош шаардык Кеңешинин бир жыл бою аткарган иштери жөнүндө кеңири маалымат берди.

Жашоочулардан берилген суроо талаптарга ылайык, ар бир маселе шаардык Кеңештин туруктуу депутаттык комиссиялары тарабынан талданып, арыз ээлерине тиешелүү жооптордун берилиши белгиленди.

Элдин негизги көйгөйлөрүнүн бири катары, Амир-Темир аймактык кеңешине баруучу жолдун жабылып калып, альтернативалык жолдун аз экендиги элди нааразы кылып жаткандыгы айтылды.

“Амир-Темир” аймактык кеңешинде чындыгында альтернатива жолунан да негизги жол өзү талаптарга жооп бербейт. Тар көчө болуп калган. Бирок азыркы учурда, ал жол менен газ куурлары тартылып жаткандыктан жабылып турат. Бул убактылуу көрүнүш, жакын арада кайра калыбына келтирилип, ачылат”, - деди Ж.Ормонов.

Кошумчалай кетсек, шайлоочулар менен жолугушуу Ош шаарынын бардык аймактарында уюштурулат.

Пикир

Оставить комментарий