• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Ош шаардык Кеңешинин кезектеги сессиясы өтүүдө

Аймак 0

Бишкек, 20.06.18. /Кабар/. Бүгүн, 20-июнда Ош шаардык Кеңешинин кезектеги XIII сессиясы өтүүдө. Ага Ош шаарынын мэри Айтмамат Кадырбаев, шаардык кеңештин төрагасы Жапарбек Ормонов, депутаттар, шаардагы мекеме ишканалардын жетекчилери катышууда.

Жыйындын күн тартибине төмөндөгү 15 маселе коюлуп, кезеги менен каралып талкууланып жатат:

1. Ош шаардык жерге жайгаштыруу жана кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо башкармалыгынын жарандардын кайрылуулары жана арыздары боюнча жүргүзүп жаткан иштери жөнүндө;

2. Ош шаарында орто жана кичи бизнести өнүктүрүү боюнча аткарылып жаткан иштер жөнүндө;

3. Ош шаарынын мэриясынын капиталдык курулуш башкармалыгы тарабынан аткарылып жаткан иштер жөнүндө;

4. Ош шаарынын мэриясынын муниципалдык мекемелери тарабынан көрсөтүлүүчү муниципалдык кызматтардын кошумча тизмесин бекитүү жөнүндө;

5. Ош шаардык борбордоштурулган китепкана тармагына К.Ташбаевдин ысымын ыйгаруу жөнүндө;

6. Бюджеттик акча каражаттарды бөлүп берүү жөнүндө;

7. Ош шаарынын мэриясынын резервдик фонду жөнүндө Жобону бекитүү жөнүндө;

8. Жапалак айылдык аймактык башкармалыгынын жамааттарынын жайыттарды башкаруу, мал чарбасын өнүктүрүү боюнча планын жана жайыт комитетинин бюджетин бекитүү жөнүндө;

9.Ош шаарынын мэриясынын жеке менчик үй куруучуларга жер участокторун берүү боюнча иштерди жүргүзүү жана уюштуруу комиссиясынын курамы жана иштөө тартиби жөнүндө Жобону бекитүү жөнүндө Ош шаардык Кеңешинин2014-жылдын 24-мартындагы №163 токтомунун №1 тиркемесине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө;

10. Ош шаардык Кеңешинин Президиумунун курамына өзгөрүүлөрдү киргизүү жөнүндө;

11. Ош шаардык Кеңешинин туруктуу депутаттык комиссияларынын курамдарына өзгөрүүлөрдү киргизүү жөнүндө;

12. Ош шаарынын Ы.Монуев жана А.Шакиров көчөлөрүнүн кесилишиндеги шааркуруу түйүнү жөнүндө;

13. Ош шаарындагы кээ бир жер тилкелеринин максаттык багыттарын өзгөртүүгө макулдук берүү жөнүндө;

14. Ош шаары боюнча айыл чарба жерлерин пайдалангандыгы үчүн жер салыгынын базалык ставкасы жөнүндө;

15. Ош шаарынын мэриясынын “Кыргыз Текстиль ЛТД” жоопкерчилиги чектелген коомунун Ош шаарында тигүү фабрикасын куруу үчүн суралып жаткан 25 гектар жердин 49 жылга ижара акысы боюнча катын кароо жөнүндө.

Пикир

Оставить комментарий