• 89.11
  • 94.62
  • 0.95

Ош шаардык кеңешинин кезектеги сессиясы өтүүдө

Аймак 0

Бишкек, 23-май /Кабар/. Бүгүн, 23-майда Ош шаардык кеңешинин IV чакырылышынынын кезектеги 8-сессиясы өтүүдө. Бул тууралуу Ош шаардык мэриясынын басма сөз кызматы билдирди.

Ага Ош шаарынын биринчи вице-мэри Замирбек Аскаров, шаардык кеңештин төрагасы Жапарбек Ормонов, жергиликтүү депутаттар жана бардык мекеме ишканалардын жетечилери катышты.

Сессиянын күн тартибинде 16 маселе каралууда.

Алгачкы маселе: Ош шаарындагы медресе жана мечиттердин абалы жөнүндө Ош шаарынын казысы Убайдылла Сарыбаев маалымат берди.

Пикир

Оставить комментарий