• 89.01
  • 94.71
  • 0.94

Ош шаардык кеңешинин кезектеги сессиясы өтүп жатат

Аймак 0

Бишкек, 29.12.20. /Кабар/. Бүгүн, 29-декабрь күнү Ош шаардык кеңешинин кезектеги ХХХVII сессиясы өтүп жатат. Ага Ош шаарынын мэри Таалайбек Сарыбашов, шаардык кеңештин төрагасы Жапарбек Ормонов, депутаттар, мамлекеттик жана муниципалдык мекеме-ишканаларынын жетекчилери катышууда.

Шаардык мэриясынын басма сөз кызматынан кабарлашкандай, күн тартибинин долбооруна Ош шаарынын социалдык жана экономикалык багыттарындагы маанилүү деп эсептелген 10 маселе сунушталып, каралып жатат.

Шаардагы инвестициялык климатты жакшыртуу жана бизнес чөйрөнү коргоо боюнча аткарып жаткан иштер жөнүнүдө маалымат берилип, Ош шаарынын мэри Таалайбек Сарыбашов шаардык Кеңештин депутаттарын инвесторлорго шарт түзүп берүү боюнча бирге иш алып барууга чакырды.

«Пандемияга байланыштуу айрым мүчүлүштүктөр бар. Анын үстүндө иштөө үчүн тынымсыз эмгек кылып жатабыз. Бирок инвесторлорду тартып келип ири долбоорлорду баштаган ишкерлерге биргеликте жардам берели. Кең-Сай моссивинде курулуп баштаган чоң фабрика азыр колдоого муктаж. Айрым көйгөйлөрү үчүн алар көптөгөн кызматташуулардан кол жууп калат», - деди мэр Сарыбашов.

Ош шаарынын статистика башкармалыгынын маалыматы боюнча үстүбүздөгү жылдын январь-ноябрында негизги капиталга инвестицияны өздөштүрүүнүн деңгээли 2019-жылдын январь-ноябрына салыштырмалуу 36,4 пайызга азайган. Негизги капиталга инвестициялардын көлөмү 2020-ж. январь-ноябрында жергиликтүү бюджеттин эсебинен 3,1 пайызга жогорулады. Экономикалык ишмердиктин түрлөрү боюнча алганда негизги капиталга инвестициялардын 60,4 % турак жай курулушуна жумшалган.

2020-жылдын январь-сентябрь айлаында 2019-жылдын январь-сентябрына салыштырганда чет өлкөлүк инвестициянын түшүү көлөмү (азаюу агымын эсептебегенде) 55,0 пайызга азайып, АКШнын 12 908,5 миң долларын түздү.

Шаар аймагында инвестициялык долбоорлорду ишке ашыруу боюнча иш-аракеттер жүргүзүлүп жатат.

Муниципалдык аймактык башкармалыктардын аткарып жаткан иштери, «Ош шаарында үй жаныбарларын, канаттууларды багуу жана мал жаюу» Эрежелерин бекитүү, шаардык Кенешинин токтомдоруна өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө, шаардык Кецешинин 2021-жылга иш планын бекитүү жөнүндө жана ипотекалык үйлөрдүн төлөмдөрү боюнча жашоочулардын кайрылуусун карашат.

Пикир

Оставить комментарий