• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Ош шаардык Кеңешинин кезектеги XV- сессиясы өтүп жатат

Аймак 0

Бишкек, 28.08.18. /Кабар/. Бүгүн, 28-августта Ош шаардык Кеңешинин IV чакырылышындагы депутаттарынын кезектеги XV- сессиясы болуп жатат. Алгач Эгемендүүлүктүн 27 жылдыгына карата шаардык кеңештин депутаттары жана жетекчилер, ЖОЖдордун мугалимдери Ардак грамота менен сыйланышты.

Сессиянын күн тартибинде 6 маселе каралып жатат:

1. Ош шаарынын мэриясынын муниципалдык менчик башкармалыгы тарабынан муниципалдык мүлктү каттоо, эфективдүү пйдалануу, сактоо багытында аткарылып жаткаништери жөнүндө;

2. Шаардын калкына пенсия жана жөлөк пулду өз убагында берүү боюнча аткарылып жаткан иштер жөнүндө;

3. Ош шаарынын мэриясынын аппаратынын түзүмүн жана штаттык санын бекитүү жөнүндө;

4. Ош шаарынын 2017-жылдагы жергиликтүү бюджетинин аткарылышы боюнча отчетун бекитүү жөнүндө;

5. Бюджеттик акча каражаттарын бөлүп берүү жөнүндө;

6. “Ак-Туура Групп” ЖЧКсы тарабынан 2 МВТ кубаттуулуктагы чакан ГЭСти курууга атайын токтом кабыл алуу үчүн КРнын Өкмөтүнө кайрылуу жөнүндө;

Жыйындын алкагында баяндамачыларга кошумча суроолор берилип, токтомдор кабыл алынып жатат.

Пикир

Оставить комментарий