• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

ИИМ: Ош шаардык кеңешке депутаттыкка талапкердин өкүлдөрү добуш сатып алууга айыпталууда

Коом 0

Бишкек, 09.04.21. /Кабар/. Ош шаардык кеңешке депутаттыкка талапкердин өкүлдөрү азык-түлүк түрүндө продуктуларды таратышып, добуш сатып алуу менен алектенип жатышкандыгы тууралуу маалымат текшерүүгө алынган. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, 2021-жылдын 8-апрель күнү сотко чейинки өндүрүштүн алкагында "Ата-Журт Кыргызстан" саясий партиясынан депутаттыкка талапкердин атынан 2003-жылы туулган 2-топтогу майып З.С.га азык-түлүк түрүндө продуктуларды беришкен Ж.А. менен биргеликте жеке жактоочу 1960-жылы туулган Э.Ш. аныкталды.

Ушул эле күнү жеке жактоочу Э.Ш.га КРнын Жазык кодексинин 192-беренесинин 1-бөлүмү боюнча шектелип жаткандыгы жөнүндө маалымдама берилди.

Азыркы учурда сотко чейинки өндүрүш жүрүп жатат.

Пикир

Оставить комментарий