• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Ош шаардык мэриясынын аппаратына жаңы жетекчи дайындалды

Аймак 0

Бишкек, 13.09.21. /Кабар/. Досматов Камчыбек Султанмуратович Ош шаарынын мэриясынын жаңы аппарат жетекчиси болуп дайындалды. Бул тууралуу шаардык мэриянын басма сөз кызматы билдирет.

Буйрукка Ош шаарынын мэри Алмаз Мамбетов кол койду.

Бүгүн, 13-сентябрда жаңы аппарат жетекчиси Ош шаарынын мэриясынын эмгек жамаатына тааныштырылды.

Камчыбек Досматов бул кызматка чейин КР президенинин администрациясынын уюштуруу-инспектордук иштер жана аймактар менен өз ара аракеттенүү бөлүмүнүн инспектору болуп эмгектенген.

Ал КР президентинин 2021-жылдын 17-июнундагы №266 - “КР президенинин администрациясында саясий мамлекеттик кызмат орундарын ээлеген мамлекеттик кызматчыларды ротациялоо” жөнүндө жарлыгына ылайык ротациялоо тартибинде которулган.

Камчыбек Досматов 1988-жылы 21-майда Баткен облусунун Лейлек районуна караштуу Достук айылында туулган. Мамлекеттик жана муниципалдык кызматтарда кеже кызматтан жогорку кызматтарга чейин иштеп, бир топ тажрыйба топтогон. КР өкмөтүнүн Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүндө башкы адис, Ош шаарынын мэриясынын жаштар иштери боюнча комитетинде төрага болгон, акыркы жылдары КР президентинин аппаратынын бир топ бөлүмдөрүндө эксперт, жетекчинин орун басары, инспектор кызматтарын аркалап келген.

Эки жогорку билимдин ээси, Кыргыз Республикасынын мамлекеттик кызматынын 2-класстагы кеңешчиси.

Пикир

Оставить комментарий