• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Ош шаардык мэриясынын кызматкери коронавирус жуктуруп алды

Аймак 0

Бишкек, 26.06.20. /Кабар/. Ош шаардык мэриясынын кызматкери коронавирус жуктуруп алды. Бул тууралуу аталган ведомствонун басма сөз катчысы Азамат Абсаттаров билдирди.

Ал муниципалитеттин бардык кызматкерлери коронавируска текшерүүдөн өткөндүгүн айтты. Ооруга чалдыккан жаран менен байланышта болгондор обсервацияга жөнөтүлгөн. Акыркы суткада Ошто COVID-19 инфекциясынын 47 учуру аныкталды. Жалпысынан 500 жаран бул илдетке чалдыккан.

Пикир

Оставить комментарий