• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Ош шаардык мэриясынын кызматкерлери COVID-19га каршы эмдөөдөн өтүүдө

COVID - 19 0

Бишкек, 14.07.21. /Кабар/. Ош шаардык мэриясынын кызматкерлери COVID-19га каршы эмдөөдөн өтүп жатышат. Бул тууралуу Ош мэриясынын басма сөз кызматынан маалымдашты.

Мэрия бардык тургундарды вакцина алууга чакырат.

Белгилей кетсек, Ош облусуна кытайлык Sinopharm вакцинасынын 85 миң дозасы жеткирилген. Ош шаарында учурда коронавируска каршы акысыз эмдөөчү 47 пункт иштеп жатат.

Пикир

Оставить комментарий