• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Ош шаардык милициясынын өздүк курамы кызмат өтөөнүн күчөтүлгөн тартибине өтөт

Коом 0

Бишкек, 29.04.22. /Кабар/. Ош шаардык ички иштер башкармалыгында өздүк курамдын 30-апрелден тартып кызмат өтөөнүн күчөтүлгөн тартибине өтүүсүнө байланыштуу саптык кароо өткөрүлдү. Бул тууралуу шаардык милициянын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, саптык кароодо өздүк курамга буйруктар жана тапшырмалар жеткирилди. ИИМдин атайын буйругунун негизинде өлкө аймагындагы милиция кызматкерлери 30-апрелден баштап күчөтүлгөн тартиптеги кызмат өтөөгө киришет.

Саптык кароонун жүрүшүндө Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын начальнигинин орун басарлары милициянын полковниктери Канат Айдакеев Улан Жукенов жана бөлүм башчылары тарабынан өздүк курамдын талапка ылайык даяргерчилиги, сырткы келбеттери текшерилди. Аныкталган кемчиликтерди тез арада жоюу тапшырылды .

Ош шаардык милициясынын начальнигинин орун басары Канат Айдакеев өздүк курамга майрам күндөрү коомдук коопсуздукту сактоо боюнча милдеттерди так аткарып, кызматтык тартипти бекем сактоо зарылдыгын белгиледи.

"Ар бир кызматкер тейлеген аймагында өз милдетин так аткарып, мыйзам, тартип, укук бузуулар боюнча тез арада, ыкчам аракеттерди жүргүзүүгө тийиш. Андан сырткары жарандарга сылык мамиле жасоо менен кызматтык милдеттерди дагы так аткарууну эскертемин", - деди начальниктин орун басары.

Иш-чарада айт жана май майрамдары учурунда милиция кызматкерлинин алдына коомдук коопсуздукту сактоо багытындагы тапшырмалар өздүк курамга жеткирилди. Кошумча ыкчам-тергөө топторун түзүү тапшырылды.

Маалым болгондой, Ош шаарынын аймагында айт күнү борбордук аянтта жана 42 мечитте айт намаздары окулат. Бардык мечиттерде коомдук коопсуздукту сактоо боюнча милиция кызматкерлери бөлүштүрүлдү.

Пикир

Оставить комментарий