• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Ош шаардык милициясы дарыланууга муктаж болгон балдарга жардам көрсөттү

Аймак 0

Бишкек, 29.12.21. /Кабар/. Ош шаардык милициясы даарыланууга муктаж болгон балдарга жардам көрсөттү. Бул тууралуу Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын начальниги Акылбек Мамасейитов Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын кызматкерлеринин жана ички аскерлеринде кызмат өтөгөн аскер кызматчыларынын ден соолугуна байланыштуу тынымсыз даарыланып турууга муктаж балдарына акчалай жардам көрсөттү.

Балдарга жаӊы жылдык белек менен жаӊы жылдык маанай тартууланды: «Урматтуу ата-энелер, Сиздердин ар дайым балдарыӊыздардын жанында туруп, тынымсыз ден соолугу үчүн кам көрүп жатканыӊыздар үчүн ыраазычылык билдиребиз. Бул канчалык оор жана каржы чыгымдарын талап кылаарын дагы түшүнөбүз. Жаӊы жылдын алдында биз аз дагы болсо дагы ал балдарыбызга көӊүл бөлүп коюну чечтик. Балдардын ден соолугу чыӊ болуп, жакшы болуп кетишсин», -деди шаардык милиция башчысы Акылбек Мамасейитов.

Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын жетекчилиги тарабынан бир жума мурда мындай иш-чараны аткаруу зарылдыгы баса белгиленип, кадрлар бөлүмүнө милиция кызматкерлеринин ар дайым дарыланууга муктаж болгон балдарынын тизмесин аныктоо, аларга акчалай жардам берүү тапшырылган болчу. Бул тапшырма аткарылды. Ошондой эле 25-декабрь күнү Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын жетекчилигинин көрсөтмөсү менен башкармалыктын балдар менен иштөө инспекциясы тарабынан «Алтын уя» балдар үйүнүн 17 тарбиялануучусуна жана ден соолугуна байланыштуу үйдө отурган 14 жаш балдарга жаӊы жылдык белектер тапшырылды.

Жакшылык жерде калбайт. Ош шаардык ички иштер башкармалыгы мындай иш-чараларды мындан ары дагы салтка айланта бермекчи.

Пикир

Оставить комментарий