• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Ош шаардык милициясы үй-бүлөдөгү зомбулуктун алдын алууга багытталган иштерди өткөрүүдө

Аймак 0

Бишкек, 16.12.21. /Кабар/. Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын кызматкерлери үй бүлөдөгү зордук зомбулуктун алдын алууга багытталган “Бактылуу коом-бактылуу үй-бүлөдөн куралат!” аттуу иш-чараны өткөрүп жатышат. Бул тууралуу облустук милициянын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын жашы жетелектер менен иштөө инспекциясынын кызматкерлери тарабынан өспүрүмдөрдүн арасындагы кылмыштуулуктун жана аларга карата зордук-зомбулуктардын алдын алуу боюнча тынымсыз түрдүү мазмундагы иш-чараларды өткөрүлүп келе жатат.

Жыл башынан бери жашы жетелектер менен иштөө инспекциясынын кызматкерлери тарабынан профилактикалык мазмундагы жүздөгөн иш-чаралар өткөрүлдү. Өткөн жума аралыгында эле Сулайман-Тоо милиция бөлүмүнүн жашы жете электер менен иштөө инспекциясы тарабынан бул багытта бир топ иштер аткарылды. Мисалы, Ош шаарынын Рудаки, Панфилов, Калинин атындагы орто мектептердин ортосунда “Спорт аркылуу достукка!” аттуу жогорку класстардын ортосундагы мини-футбол боюнча мелдеш өткөрүлдү.

Ал эми Ак-Тилек кичи районундагы “Кыргыз-Түрк достугу” орто мектебинде “Бактылуу үй-бүлө – бактылуу коом” аталыштагы конференция болуп өттү. Бул конференция өтө жогорку деӊгээлде өтүп, окуучулардын чыгармачылык менен даярдаган инсценировкалары менен коштолду", - деп айтылат маалыматта.

Ошондой эле Жапалак айылындагы М.Мырзаев атындагы мектепте “Биз зомбулукка каршыбыз” иш-чара өткөн. Бул иш-чараны дагы милиция кызматкерлери, мектеп жамаатты жана окуучулар кызыктуу уюштурушуп, анын көрөрмандары болгон ата-энелердин алкыштарына арзыды.

Ош шаардык ИИБнын Сулайман-Тоо милиция бөлүмүнүн жашы жетелектер инспекциясынын кызматкерлери тарабынан акыркы жума аралыгында эле лекция жана аңгемешүүлөр 85 жолу өткөрүлгөн, кылмыштуулуктун алдын алууга багытталган профилактикалык иш-чаралар, тагыраак айтканда 12 семинар, 7 тегерек стол, 13 конференция, 3 спорттук оюндар өткөрүлгөн.

Аталган иш-чараларга Ош ШИИБнын Сулайман-Тоо милиция бөлүмүнүн кызматкерлеринен сырткары Ош шаардык билим берүү башкармалыгынын, Ош шаарынын мэриясынын, үй бүлөнү жана балдарды коргоо бөлүмүнүн, шаардык жаштар комитетинин кызматкерлери, саламаттыкты сактоо департаментинин дарыгерлери, Ош шаардык адвокаттар коллегиясынын адвокаттары, Ош шаардык мэриясына караштуу кризистик борбордун өкүлдөрү, ошондой эле Ош шаарынын мечиттеринин имамдарынын катышуусунда өткөрүлдү.

Белгиленгендей, учурда бул багытта дагы аткарылуучу профилактикалык бир топ иштерди аткаруу пландаштырылган, аларды жүзөгө ашыруу үчүн Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын кызматкерлери колдон келген аракеттерин көрүп жатышат.

Пикир

Оставить комментарий