• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Ош шаардык милициясы: шайлоого байланыштуу 121 арыз катталды

Аймак 0

Бишкек, 12.04.21. /Кабар/. Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын маалыматтардын электрондук журналына жалпысынан шайлоо процессине байланыштуу 121 арыз жана маалыматтар катталды.

Ош шаардык милициясынын басма сөз кызматынан кабарлашкандай, анын ичинен кечээ күнү 44 арыз катталган.

"11 факты боюнча тергөө иштери жүрүп жатат. 2 материал соттук кароого, 2 материал аймактык шайлоо комиссиясына жөнөтүлдү. Калган маалыматтар текшерилүүдө. Текшерүү учурунда тастыкталбаган материалдар өндүрүштөн кыскартылат", - деп айтылат маалыматта.

Пикир

Оставить комментарий