• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Ош шаардык милициясы Өзгөн районунан баңги затты сатууга шектүү жаранды кармады

Аймак 0

Бишкек, 08.01.20. /Кабар/. Ош облусунун Өзгөн районундагы Большевик айылынын тургуну баңги заттарын сатууга шектелип кармалды. Бул тууралуу Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын (ШИИБ) басма сөз кызматы билдирди.

Ош ШИИБинин кызматкерлери ИИМдин аймактык баңги заттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматынын кызматкерлери менен биргеликте 62 жаштагы «Дудай» аттуу каймана аты бар Х.Х аттуу жаранды кармашкан.

Алынган маалыматка караганда, аталган жаран баңги заттарды сатуу менен алектенген. Натыйжада, күбөлөрдүн катышуусундагы тинтүү учурунда, анын жашаган үйүнөн болжолдуу салмагы 4 кг түзгөн, өзгөчө жыты бар зат жана револьвер үлгүсүндөгү ок атуучу курал табылды.

Бул факт кылмыштарды жана жоруктарды каттоонун бирдиктүү реестрине катталып, иликтөө иштери башталды.

Пикир

Оставить комментарий