• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Ош шаардык ооруканага дезинфекциялоочу туннель орнотулду

Аймак 0

Бишкек, 19.07.20./Кабар/. Күн мурун, 18-июлда Ош шаардык ооруканасына жүк жана жүргүнчүлөрдү ташуу боюнча иш алып барган компания дезинфекциялоочу туннель орнотуп берди. Бул тууралуу Ош шаардык мэриясынын басма сөз кызматы билдирет.

Компаниянын жетекчилигинин айтымында, кыйын кырдаал учурда эл керегине жарап, жардамга кол сунуу зарыл.

Саламаттык сактоонун Ош шаары боюнча координатору Кыялбек Ташполот өз кезегинде жүргүнчүлөрдү ташып жаткан кичи автобустардын айдоочуларына жана жетекчилерине ыраазычылык билдирген.

Пикир

Оставить комментарий