• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Ош шаардык ооруканасы кайрымдуулук фонду тарабынан үч кычкылтек концентратору тапшырылды

Аймак 0

Бишкек, 11.07.20. /Кабар/. Ош шаардык ооруканасына “Элим барсыңбы?” кайрымдуулук фонду тарабынан 3 кычкылтек концентратору берилди. Бул тууралуу Ош шаарынын мэриясынан билдирди.

Маалыматка ылайык, Ош шаарынын мэри Таалайбек Сарыбашов фонддун өкүлдөрү менен жолугуп, көрсөтүлгөн жардам үчүн ыраазычылык билдирген.

“Аталган фонд “Достук” студенттер жатаканасын дарыгерлер үчүн обсервация катары пайдаланууга берип, тамак-аш менен да камсыз кылууда”, - деп айтылат маалыматта.

Пикир

Оставить комментарий