• 88.91
  • 94.75
  • 0.95

Ош шаардык ооруканасына медициналык формалар тапшырылды. Аз маяна алган мээрман айымдарга 5 тонна ун берилет

Аймак 0

Бишкек, 31.03.20. /Кабар/. Кечээ, 30-мартта Ош шаарынын мэри Таалайбек Сарыбашов шаардык клиникалык ооруканасына барып, атайын медициналык формаларды тапшырды. Бул тууралуу Ош шаарынын мэриясынан билдиришти.

Дарыгерлер менен болгон жолугушууда мэр дарыгерлердин суроолоруна жооп берип, керектүү жардамдар көрсөтүлөрүн билдирген.

"Азыркы кырдаалда эң башкы байлык ден соолук экенин бүт дүйнө эли түшүнүп, сезди деп ойлойм. Кыргызстанда, анын ичинде Ош шаарыбызда коронавирус менен ооругандар катталды. Бул жугуштуу илдет менен күрөшүүдө, алдын алууда сиздердин милдетиңер өтө чоң. Күнү-түнү кызматта болуп жатасыздар. Силердин бул кызматыңар эл үчүн, өзүнөрдүн балдарыңар үчүн, жакындарыңар үчүн экенин билесиздер. Анткени оору тандап келбейт экен. Коомчулукта ак халатчандарга, милиция кызматкерлерине болгон сый-урмат күчөдү. Эл силердин эмгегинерди көрүп, билип турат. Мындай кырдаалда баарыбыз жапатырмак биригип, биргеликте күрөшүүбүз керек", - деген ал.

Мэриядан белгилешкендей, бүгүнкү жолугушуудан кийин шаардык мэрия тарабынан ооруканада аз айлык алып иштеп жаткан мээрман айымдарга 5 тонна ун акысыз бериле турган болду.

"Буга чейин мэрдин тапшырмасы менен шаардагы ооруканаларда, поликлиникаларда иштеген медицина кызматкерлерине арзан баада 1 миң 700 каптан ашык ун алынып келген. Ош шаарына өзгөчө абал киргизилгенден кийин дарыгерлерди ташууга 28 кичи автобустар уюштурулуп, күйүүчү май мэрия тарабынан берилүүдө", - деп билдиришти Ош шаарынын мэриясынан.

Пикир

Оставить комментарий