• 89.11
  • 94.62
  • 0.95

Ош шаардык ооруканасынын мээрман айымдарына 5 тонна ун акысыз берилди

Аймак 0

Бишкек, 31.03.20. /Кабар/. Ош шаардык ооруканасынын медицина кызматкерлерине 5 тонна ун акысыз берилди. Бул тууралуу Ош шаарынын мэриясынан билдиришти.

Мэриядан белгилешкендей, кечээ, 30-мартта шаар мэри Таалайбек Сарыбашов аталган оорукананын дарыгерлери менен болгон жолугушууда мээрман айымдарга жардам катары ун бериле турганын айткан.

"Шаардык оорукананын жетекчилиги берилген ундарды мээрман айымдарга жана муктаждыгы бар дарыгерлерге бөлүп берет", - деп билдиришти мэриядан.

Пикир

Оставить комментарий