• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Ош шаардык прокуратурасы мамлекетке келтирилген 70 млн сомдон ашуун зыянды аныктады

Аймак 0

Бишкек, 19.11.20. /Кабар/. Ош шаардык прокуратурасы мамлекетке келтирилген 70 млн сомдон ашуун зыянды аныктады. Бул тууралуу Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы билдирет.

2020-жылдын 4-сентябрында Ош шаарынын вице-мэринин 233 сандуу токтому кабыл алынып, анда Жапалак айыл аймагынын Кең-Сай массивинде жайгашкан 25,0 га муниципалдык жер аянты 2 млн. 500 миң сомго бааланып, түз сатуу жолу менен «Кыргыз Текстиль ЛТД» ЖЧКнын менчигине мыйзамсыз өткөрүлгөн.

2020-жылдын 6-октябрында «Кадастр» мамлекеттик мекемесинин Ош филиалы тарабынан жеке менчик укугу жөнүндө мамлекеттик акты берилген.

Аталган жагдайларга карата Ош шаардык прокуратурасынын жүргүзгөн текшерүүсүндө жогоруда белгиленген жер аянтынын нарктык базар баасы 72 млн сомду түзөөрү аныкталып, айрымасы болуп 69 млн 500 миң сомго аз көрсөтүлгөн.

Мындан сырткары, бүгүнкү күнгө чейин Ош шаардык мэриясынын бюджетине түз сатып алууда көрсөтүлгөн 2 млн 500 миң сом төлөнбөстөн туруп, мамлекеттик акты берилгендиги тастыкталган.

Натыйжада, Ош шаардык мэриясынын жоопту кызматкерлери тарабынан мамлекетке өзгөчө ири суммадагы зыян келтирилген.

Бул факты 2020-жылдын 11-ноябрында Ош шаардык прокуратурасы тарабынан Кыргыз Республикасынын Жазык кодексинин 320-беренесинин 2-бөлүгү (Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу) менен КЖБРге катталып, учурда тергөө амалдары башталды.

Пикир

Оставить комментарий