• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Ош шаардык төрөтканада коронавирусту 70 адам жуктурган. Арасында 7 ымыркай бар

Аймак 0

Бишкек, 16.06.20. /Адил Төлөгөнов – Кабар/. Ош шаардык төрөтканада коронавирусту 70 адам жуктурган. Арасында 7 ымыркай бар. Бул тууралуу Ош шаарынын биринчи вице-мэри Саибжан Турдуев билдирди.

Анын айтымында, Ош шаардык төрөтканада 283 медкызматкер жана 563 бейтап болгон. "Жалпы 846 адамдан эки ирет ПЧР тестти алынып, 776сы таза чыкты, калган 70 жаранда илдет аныкталган. Алардын ичинде 7 ымыркай бар. Ошондой эле 24 медкызматкер ооруну жуктуруп алган", - дейт ал.

Турдуев кошумчалагандай, медициналык мекемеде дезинфекциялоо иштери жүрүп жатат. Республикалык штабдын чечиминин негизинде кайра ишке кирет.

Белгилей кетсек, 16-июнга карата Кыргызстанда коронавирус илдетин жуктурган 2472 учур катталды. Алардын ичинен 474 медицина кызматкери. Илдеттен 1847 жаран айыкса, коронавирус жуктурган 28 адам каза болду.

Пикир

Оставить комментарий