• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Ош шаары 1-октябрда толугу менен жылытуу сезонуна даяр болот

Аймак 0

Бишкек, 20.09.19. /Кабар/. Ош шаары 1-октябрда толугу менен жылытуу сезонуна даяр болот, - деп билдиришти шаардык мэриянын басма сөз кызматынан.

Маалыматка ылайык, күн мурун Ош шаарынын вице-мэри Асылбек Топчубаев тийиштүү жетекчилер менен биргеликте күзгү-кышкы мезгилге даярдыктарды көрүү боюнча жүргүзүлүп жаткан иштерди текшерди. Анын негизинде шаардагы бир катар мектеп, бала бакча, ооруканаларды кыдырып, жылуулук системаларын, отказандардын абалы менен таанышты. Ошондой эле, шаардык жылуулук электр борборунун, «Жылуулуккамсыздоо» муниципалдык мекемесинин күзгү-кышкы мезгилге даярдыктарын көрдү.

Асылбек Топчубаев тийиштүү жетекчилерге билим берүү, саламаттыкты сактоо тармагындагы мекемелердин, көп кабаттуу үйлөрдүн жылуулук, канализация, муздак суу системаларын жана чатырларын күзгү-кышкы мезгилге даярдоо боюнча иш-аракеттерди күчөтүү тапшырмаларын берди.

Ошондой эле, күз-кыш мезгилине даярдык көрүү боюнча шаар тургундарынын кайрылууларынын негизинде атайын иш-чаралар уюштурулуп, көп кабаттуу үйлөрдө жылытуу системаларын оңдоп-түзөө иштери боюнча түшүндүрүү иштерин күчөтүүнү тапшырды.

"Ош шаарына жылуулук электр борбору жана «Жылуулуккамсыздоо» ишканасы жылуулук берет. Учурда жылуулук электр борборундагы буу казандар толугу менен кароодон өткөрүлүп, жылуулук берүүгө даярдалды. Ошондой эле, жылуулук энергиясын жеткирип берүүчү магистралдык жана кварталдык тармактар, муниципалдык «Жылуулуккамсыздоо» ишканасындагы 80 откана жылуулук берүүгө толугу менен даяр. Ош шаары 1-октябрда шаарга жылуулук берүүгө толугу менен даяр болот", - деп айтылат маалыматта.

Пикир

Оставить комментарий