• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Ош шаары 3017 жылдыгын белгилейт. Майрамдык иш-чаранын программасы

Аймак 0

Бишкек, 29.09.17. /Кабар/. Ош шаарынын 3017 жылдыгына карата 4-5-октябрь күндөрү бир катар майрамдык иш-чаралар өткөрүлөт. Бул тууралуу Ош шаардык мэриясынан билдиришти.

4-октябрда,“Сулайман-Тоо - тынчтыктын жана ынтымактын символу” аттуу маданий-массалык иш-чара өткөрүлөт.

- 10:00 —14:00 — "Нур" кинотеатрында мүмкүнчүлүгү чектелген өспүрүмдөр жана үй-бүлөлөргө арналган "Баарына бир дүйнө" кайрымдуулук-маданий акциясы;

- 10:00 — Ош улуттук драма театрында адал жарманкеси;

- 11:00-13:00 — "Светочь" мектебинин спорттук аянтында "Атам, апам жана мен — ынтымактуу үй-бүлө" аттуу музыкалык-спорттук мелдеш;

- 12:00–16:00 — №52 орто мектепте (Ак-Тилек көчөсү) Ош шаарынын орто мектептери арасында "Баарыбыз бирге" аттуу өздүк көркөм чыгармачылык конкурсу;

- 17:00 — Исхак Раззаков атындагы эс алуу багынын ачылышы;

- 18:00 — Ош улуттук драма театрында республикалык "Ак таңдай —2017" төкмө акындар айтышы. Кирүү акысыз.

5-октябрда, шаар күнүнүн алкыганда өтүүчү иш-чаралар

- 8:30-9:30 — Ош шаарынын күнүнө чакырылган расмий конокторду тосуп алуу аземи;

- 9:00 — Мэриянын кичи залында "Ош Агро- II" айыл чарба форумунун расмий ачылышы;

- 10:00-12:00 — Борбордук аянтта шаар күнүнө карата салтанаттуу аземдин ачылышы;

- 12:00-12:30 — Өчпөс оттун жанында "Ош Агро —II" айыл чарба техникасынын көргөзмөсү;

- 12:30-13:00 — Айыл чарба техникумунун аянтында "Күз берекеси" айыл чарба товарларынын жарманкеси;

- 14:30-16:00 — "Жибек Жолу" эс алуу багынын ачылышы;

- 14:00-16:00 — "Алымбек Датка", "Раззаков", "Ата Түрк", "Жеңиш" эс алуу бактарында майрамдык иш-чаралар уюштурулат;

- 19:00-22:00 — Борбордук стадиондо Кыргызстанга белгилүү эстрада жана фольклор ырчыларынын катышуусу менен концерт.

Пикир

Оставить комментарий