• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Ош шаары “Балдарга жана жаштарга ыңгайлуу шаар” статусун алды

Аймак 0

Бишкек, 28.04.21. /Кабар/. Бүгүн, 28-апрелде Ош шаарына "Балдарга жана жаштарга ыңгайлуу шаар” наамы берилди.

“Балдарга жана жаштарга ыңгайлуу шаар” конкурсунун жеңүүчүлөрүн сыйлоо аземине президент Садыр Жапаров катышты. Сыйлык Ош шаарынын мэри Таалайбек Сарыбашовго тапшырылды.

Конкурс Кыргызстандагы БУУнун Балдар Фондунун (ЮНИСЕФ) колдоосу менен Маданият, маалымат, жаштар саясаты министрлиги тарабынан уюштурулган.

Ош шаарынын мэриясы, мэриянын жаштар иштери боюнча комитети жаштарга шарт түзүүнүн үстүндө алгылыктуу жумуштарды жасоону улантат.

undefined

Пикир

Оставить комментарий