• 89.11
  • 94.62
  • 0.95

Ош шаары Баткенге 2 миллион сомдук азык-түлүк жөнөттү. Сүрөт

Аймак 0

Бишкек, 30.04.21. /Кабар/. Бүгүн, 30-апрелде Ош шаарынын мэриясы тарабынан жана жеке ишкерлерден чогулган азык-түлүк Баткен облусуна жөнөтүлдү. Бул тууралуу Ош шаардык мэриясынын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, шаар башчысы Таалайбек Сарыбашов Ош шаарынын мэриясынан 500 миң сом бөлүнгөндүгүн билдирип, Баткен эли жалгыз эмес экендигин кошумчалады.

“Ош шаарынын мэриясы резервдик фонддон 400 миң, ошондой эле кызматкерлер бир күндүк айлык акыбызды бөлүп бердик. Жалпысынан мэриядан 500 миң сом акча каражаты каралды. Мындан тышкары, менчигинин түрүнө карабай мекеме-ишканалардан, жеке ишкерлерден, курулуш компанияларынан жардам чогултулуп, 2 млн сомдук азык-түлүк жөнөтүлдү. Жардам чектелүү болбойт. Жалпы кыргызстандыктарды сабырдуулукка жана ынтымакка чакырам. Чагымчылдыкка алдырбайлы, чек ара маселеси дипломатиялык сүйлөшүү аркылуу чечилишине тилектешмин”, - деди мэр.

Белгилей кетсек, Ош шаарынын мэриясы Баткен элине колдоо көрсөтүү максатында атайын эсеп ачылып, атайын комиссиялык топ түзүлгөн.

Ош шаарында активдүү жаштардан, тургундардан, коомдук фонддордон турган атайын штабдар ачылып, азык-түлүктөр, акчалай жардамдар чогултулуп жатат.

Пикир

Оставить комментарий