• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Ош шаары Беларусь ишканалары жана мекемелери менен кызматташууну өнүктүрөт

Аймак 0

Бишкек, 29.09.21. /Кабар/. Кечээ, 28-сентябрда Ош шаарынын мэри Алмаз Мамбетов Беларусь Республикасынын Кыргызстандагы атайын жана ыйгарым укуктуу элчиси Андрей Страчко менен жолукту. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, жолугушуунун алкагында тараптар эки таратуу кызматташууну жогорулатуу, соода-экономикалык, социалдык, гуманитардык жана маданият тармагында иштерди биргеликте аткаруу боюнча сүйлөшүштү.

Калаа башчысы Алмаз Мамбетов Ош шаарынын мэриясы эки тараптуу жемиштүү кызматташууга даяр экендигин белгилеп, коммуналдык кызматтарды атайын жабдуулар менен камсыз кылуу багытында долбоорлорду ишке ашыруу жөнүндө кошумчалады.

Элчи Андрей Страчко Беларусия Кыргызстан менен соода-экономикалык мамилелерди активдүү өнүктүрүп жаткандыгын баса белгиледи, анын ичинде дыйкандардын, коммуналдык кызматтардын жана ишканалардын муктаждыктары үчүн ири ишканаларга атайын жабдууларды жеткирүү иштери аткарылганын билдирди.

“Беларусиядагы компаниялар тендерлерге катышып, кызматташуу жогорку деңгээлде жүрүп келет. Биз ошондой эле Оштогу "Унаа курулуш" ишканасынын базасында электр жабдууларын кураштырууну уюштуруу жаатында активдүү иштеп жатабыз. Мындан тышкары, чет өлкөдөн келген студенттер үчүн Беларусь ЖОЖдорунда президенттик гранттык программалары боюнча окуу бар. Билим берүү тармагында да кызматташуудабыз. Ош шаарынын студенттери үчүн да эшик ачык. Окуу боюнча тийиштүү иш-кагаздарды тапшырган соң, биз окуу жайлардан каалаган кесипти тандап алууга мүмкүнчүлүктөрдү түзүп беребиз”, - деди А.Страчко.

Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар биргелешкен бизнес-форум өткөрүү мүмкүнчүлүгүн, ошондой эле Беларусиянын ишкердик чөйрөсүнүн катышуусунда көргөзмөлөрдү өткөрүү, республиканын чоң шаарлары менен боордоштук мамилелерди түзүү, гибриддик троллейбустарды жана атайын жабдууларды жеткирүү мүмкүнчүлүгүн талкуулашты.

Ош шаарындагы коммуналдык кызматтар үчүн ар кайсы тармакта тажрыйба алмашуу багыты да каралды.

Пикир

Оставить комментарий