• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Ош шаары боюнча обсервацияда 2 миң 820 орундук камдалган

Аймак 0

Бишкек, 18.04.20. /Кабар/. Ош шаары боюнча обсервацияда 2 миң 820 орундук камдалган. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Ош шаарын боюнча башкармалыгынын башчысы Нурланбек Баймуратов билдирди.

Анын айтымында, алардын ичинен 1070 орундук даяр турат.

"Обсервацияда 134 адам жатат. Ал эми дарылануудан 63 жаран өтүүдө. Дарыланып жаткан адамдардын тамак-ашы ӨКМ тарабынан камсыздалып жатат", - дейт Баймуратов.

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Ош облусу боюнча башкармалыгынын башчысы Асан Сулаймановдун айтымында, райондор боюнча да обсервацияда орундуктар даярдалган. "Ноокат районунда 8, Кара-Сууда 4 жана ар бир райондо 1-2ден орундук даяр турат", - дейт ал.

Коронавируска байланыштуу Кыргызстандын Бишкек, Ош, Жалал-Абад шаары жана Ноокат, Кара-Суу, Сузак райондорунда киргизилген өзгөчө абалдын режими 30-апрелге чейин узартылды. Ошондой эле ал убакытка чейин өзгөчө абал тартиби Нарын шаары жана Ат-Башы районунда киргизилди.

Мындан улам өзгөчө абал киргизилген шаар жана райондордо 21:00-06:00 сааттар арасы коменданттык саат деп белгиленип, ал убакта көчөдө жүрүүгө тыюу салынды. Ал эми саат 06:00дөн 21:00гө чейин жарандар сыртка үч себеп менен чыга алышат: дүкөндөн азык-түлүк, дарыканадан дары-дармек сатып алуу жана ооруканага баруу үчүн. Сыртка чыкканда жарандардын жанында өздүгүн тастыктоочу документи жана маршруттук кагазы болуш керек.

Пикир

Оставить комментарий