• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Ош шаары Кытай корпорациясы менен кызматташуу келишимине кол коюшту

Аймак 0

Бишкек, 16.08.18. /Кабар/. Бүгүн, 16-августта Ош шаарынын мэри Таалайбек Сарыбашов Кытайлык “China Road” корпорациясынын башкы директору Чжан Цзюньу жана Кытайдын Оштогу консулу Сун Лицюнь менен жолукту.

Жолугушуунун алкагында Ош шаарында биргеликте жасалып жаткан жумуштар туурасында ой бөлүшүп, кызматташууну мындан ары да күчөтүү боюнча сүйлөшүүлөр жүрдү.

Ошондой эле, жолдорду, көпүрөлөрдү куруу, инветиция тартуу, шаардын инфраструктурасын өзгөртүүгө салым кошуу боюнча Ош шаарынын мэриясынын жана Кытайлык “China Road” корпорациясынын ортосунда келишим түзүлүп, мэр Таалайбек Сарыбашов жана корпорациянын башкы директору Чжан Цзюньу кол коюшту.

Шаар башчысы Таалайбек Сарыбашов эки тараптуу кызматашуу менен шаардын өнүгүүсүнө салым кошолу деген тилегин билдирип, шаардын бобордук аянтын оңдоп-түзөө иштери үчүн ыраазычылык баракча тапшырды.

Пикир

Оставить комментарий