• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Ош шаары Кытайдын Кызыл-Суу кыргыз автоном облусу менен кызматташууну бекемдейт

Аймак 0

Бишкек, 16.10.19. /Кабар/. Ош шаарынын мэри Таалайбек Сарыбашов күн мурун Кытайдын Кызыл-Суу кыргыз автономдуу облусунун губернаторунун орун басары Сыяр Кален уулу жетектеген делегация мүчөлөрү менен жолуккан.

Жолугушууда ар түрдүү багыттар боюнча эки тараптуу сүйлөшүүлөр, айыл чарба азыктарын кайра иштетүү, ишканаларды калыбына келтирүү, соода тармагын өнүктүрүү (эт, табигый бал экспорт) жана өз ара карым-катышты күчөтүү боюнча талкуу болгон.

Шаар мэри ишкерлерди колдоо багытында долбоорлор сунуштала турганын айтып, тыгыз иштешүүгө кызыктар экенин билдирди, - деп билдиришти Ош шаардык мэриясынын басма сөз кызматынан.

Өз кезегинде Сыяр Кален уулу Ош шаарынын мэри Т.Сарыбашовго жылуу кабыл алгандыгы үчүн ыраазычылык билдирип, Ош шаары аз убакыттын ичинде бир топ жакшы жагына өзгөргөнүн белгиледи. Жолугушуунун жыйынтыгында тараптар ишкерлер жана айыл чарба азык-түлүгүнүн соода мамилелерин өнүктүрүү, колдоо, эки тараптуу кызматташтыкты өнүктүрүү жана бекемдөө боюнча макулдашты.

Пикир

Оставить комментарий