• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Ош шаары Кызыл-Суу автономиялык областы менен кызматташуусун күчөтөт

Аймак 0

Бишкек, 15.08.18. /Кабар/. Бүгүн, 15-августта Ош шаарынын мэри Таалайбек Сарыбашов Кытайдын Кызыл-Суу Кыргыз автономия областынын губернаторунун орун басары Жанг Чианг менен жолукту. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы билдирет.

Жолугушуунун алкагында кызматташууну илгерилетүү багытында сүйлөшүп, эки тараптуу өндүрүш ишканаларын ачуу менен соода-саттык мамилелерин күчөтүү пландаштырды. Ошондой эле, мал чарбачылыгына көмөктөшүү боюнча ишкерлер менен биргеликте долбоорлорду ишке ашыруу макулдашылды.

Пикир

Оставить комментарий