• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Ош шаары менен Андижан облусу туризм тармагындагы кызматташтыкты арттырат

Аймак 0

Бишкек, 20.04.22. /Кабар/. Ош шаарынын мэри Алмаз Мамбетовдун тапшырмасы менен кечээ, 19-апрелде калаанын биринчи вице-мэри Марс Исаев баштаган делегация Өзбекстандын Андижан облусуна иш сапары менен барды. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы билдирди.

маалыматка ылайык, иш сапар 2022-2023-жылдарга Ош шаары менен Андижан облусунун ортосундагы кызматташтыкты мындан ары тереңдетүү жана кеңейтүү боюнча “Жол картасынын” 2-4-пунктун аткаруу максатын көздөйт.

Биринчи вице-мэр Исаевдин Андижан облусунун губернаторунун орун басары А.Максумов менен жолугушуусунда Ош шаарынын мэриясы менен Андижан облусунун туризм жана маданий мурастар башкы башкармалыгынын ортосунда туризм тармагында кызматташуу боюнча меморандумга кол коюлду.

Андан кийин Ош шаарындагы туроператорлордун өкүлдөрү өздөрүнүн ишканаларынын тур продуктыларын презентациялады. Тегерек столдо Андижан облусунан келген туристтик фирмалардын өкүлдөрү да сөз сүйлөп, жергиликтүү туристтердин Ош шаарына келүүгө кызыгуусун билдиришип, бирок “Достук” өткөрүү пунктунан өтүүдөгү айрым көйгөйлөрдү айтышты.

Андан соң эки тараптын туроператорлорунун өкүлдөрү мындан аркы кызматташууну өнүктүрүүнү талкуулап, анын жыйынтыгында кызматташуу боюнча 7 келишимге кол коюлду.

Пикир

Оставить комментарий