• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Ош шаары менен Анжиян бир тууган шаарлардан болот

Коом 0

ОШ, 14.08.17. /Ерлан Тургунбаев – Кабар/. Кыргызстандын экинчи борбору аталган Ош шаары менен Өзбекстандын Анжиян шаарлары бир тууган шаарлардан боло алат. Бул тууралуу Ош шаарынын мэриясынын басма сөз катчысы Талант Канатбек уулу билдирди.

Анын айтымында, мэр Айтмамат Кадырбаев Анжиянга болгон сапарынын алкагында аталган шаардын мэрине бир туугандык мамиле сунушун киргизген. “Өз сөзүндө мэр биздин маданиятыбыз,тилибиз, динибиз бир андыктан бир тууган шаарлардан болсок, эки тараптуу мамилени бекемдөөдө, өнүктүрүүгө жакшы шарт болмок деди. Өз кезегинде Анжиян мэри Дильмурат Канатбек уулу мындай сунушка кызыгуусун жаратты”,-деп белгиледи Талант Канатбек уулу.

“Эгер эки шаар бир туугандык боюнча бир келишимге келсе, кандайдыр бир маселени чечүүдө, маселен соода-экономикалык жана маданий-гуманитардык кызматташууда эч кандай тоскоолдуктар болбойт. Бардык суроолор жеңил чечилет”, деди ал.

Пикир

Оставить комментарий