• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Ош шаары менен Кытайдын эки өнүккөн шаары кызматташат

Аймак 0

Бишкек, 12.06.19. /Кабар/. Бүгүн, 12-июнда Ош шаарынын мэри Таалайбек Сарыбашов Кытайдын Хэбей провинциясынын Шицзячжуан шаарынын вице-мэри Ли Сюэронг мырза баштаган делегация менен жолугушту. Жолугушууда Ош шаары менен Шицзячжуан шаары боордоштук мамиле түзүү боюнча келишимге кол коюунун алкагында пикир алышып, кызматташуу маселелери талкууланды.

Шаар мэри Таалайбек Сарыбашов аталган шаар менен экономикалык, туризм жана маданий жактан кызматташууга кызыктар экенин билдирди.

Бишкекте Кытай менен Кыргызстандын өлкө башчыларынын катышуусунда Ош шаары Шицзячжуан шаары менен кызматташтык келишимине кол кое тургандыгы күтүлүүдө.

Ушул эле күнү Ош шаарынын мэри Таалайбек Сарыбашов Кытайдын Шэньси провинциясынын Сиань шаарынын мэри Ли Минюань мырзаны кабыл алды.

Жолугушууда эки шаардын кызматташуусу, инвестиция тартуу маселелери талкууланды.

Пикир

Оставить комментарий