• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Ош жана Санкт-Петербург шаарлары 2021-2024-жылдарга карата кызматашууга кол коюшту

Коом 0

Бишкек, 12.10.21. /Кабар/. 11-октябрда Ош шаарынын биринчи вице-мэри Марс Исаев баштаган делегация Санкт-Петербург шаарына иш сапары менен барып, шаарыдын вице-губернатору - администрация башчысы Валерий Пикалев менен жолугушту. Бул тууралуу Ош шаардык мэриясынын басма сөз кызматы билдирет.

Жолугушуунун алкагында 2021-2024-жылдарга карата эки шаар соода-экономикалык, билим берүү, маданий-гуманитардык кызматташуу багытын камтыган программага кол коюшту. Ошондой эле, туризимди өнүктүрүү, саламаттык сактоо, инфраструктураны жакшыртуу жаатында тажрыйба алмашуу да камтылган.

Жолугушууда коомдук транспорт, таза суу, электр энергия менен камсыздоо, жарыктандыруу багытында ишке ашкан долбоорлор менен тааныштырылып, маалымат берилди.

Мындан тышкары, Ош мамлекеттик университетинин ректору Кудайберди Кожобеков Санкт-Петербург шаарындагы алдыңкы жогорку окуу жайларынын бири менен эки тараптуу кызматташуу келишимине кол коюшту.

Белгилей кетсек, Ош шаары Россиянын Санкт-Петербург шаары менен 2004-жылдан бери достук мамиле түзүп, кызматташып келет.

Пикир

Оставить комментарий