• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Ош шаары түрк дүйнөсүнүн маданий борбору катары жарыяланды

Аймак 0

Бишкек, 22.02.19. /Кабар/. Вице-премьер-министр Алтынай Өмүрбекова Түрк маданиятынын эл аралык уюмунун (ТҮРКСОЙ) Баш катчысы Дүйсен Касеинов менен жолугушту.

Жолугушуунун жүрүшүндө 2019-жылы Ош шаары Түрк тилдүү мамлекеттердин маданий борбору катары жарыялануусу алкагындагы иш-чараларды өткөрүүгө даярдык көрүү боюнча уюштуруу маселеси талкууланды.

Алтынай Өмүрбекова белгилегендей, Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков жана өлкөнүн Өкмөтү аталган маселеге өзгөчө көңүл бурууда, анткени, түрк дүйнөсүнүн маданий борбору алкагында өткөрүлчү иш-чаралар республиканын эл аралык аброю үчүн да чоң мааниге ээ.

«Биз үчүн Ош шаары түрк дүйнөсүнүн маданий борбору катары тандалып алынышы абдан маанилүү. Аталган иш-чара алагында өлкөгө бир катар эл аралык уюмдардын өкүлдөрү келет, ошл эле учурда мунун өзү республикага туристтерди тартууда да мыкты өбөлгө түзөт. Бизде ири эл аралык иш-чараларды өткөрүү боюнча тажрыйба жетиштүү. Ош шаары өзүн Түрк тилдүү мамлекеттердин маданий борбору наамына татыктуу деңгээлде көрсөтөт деп ишенебиз», - деди ал.

Өз кезегинде ТҮРКСОЙ уюмунун Баш катчысы Дүйсен Касеинов алдыда өтө турган иш-чаралар жогорку уюшкандыкта өтөөрүнө ишеним билдирди, анткени, Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарын өткөрүү жаатында республиканын тажрыйбасы бар.

«Кыргыз Республикасы Ош шаарында Түрк тилдүү мамлекеттердин маданий борбору иретинде тийиштүү иш-чараларды өткөрүү үчүн белгилүү деңгээлдеги чыгармачыл мүмкүнчүлүккө эгедер. Биз шаар жана анын инфраструктурасы менен жакындан таанышып чыктык, Ош шаары жогорку деңгээлдеги иш-чараны ийгиликтүү өткөрүү үчүн тийиштүү шарттарга ээ экендигин билдире алабыз», - деп кошумчалады ал.

Маалымдама: 2019-жылы Ош шаарын Түрк тилдүү мамлекеттердин маданий борбору катары жарыялоо чечими Түркиянын Кастамону шаарында 2018-жылдын 18-декабрында өткөн ТЮРКСОЙго мүчө-өлкөлөрдүн Маданият министрлеринин туруктуу кеңешинин 36-жыйынында кабыл алынган.

Кыргызстандын шаарын түрк дүйнөсүнүн маданий борбору катары жарыяланышы алгач ирет орун алууда. Мурда бул макамды Түркстан шаарынан тышкары, Кастамону (Түркия Республикасы), Мары (Түркмөнстан), Шеки (Азербайжан Республикасы) жана Казань (Татарстан Республикасы, Россия Федерациясы) шаарлары алып жүргөн.

Түрк дүйнөсүнүн кезектеги маданий борбору катары Өзбекстан республикасынын Хива шаары жарыяланган.

Пикир

Оставить комментарий