• 89.01
  • 94.71
  • 0.94

Ош шаары Түркиянын “Гайе” фонду менен эки тараптуу мамилени өнүктүрөт

Аймак 0

Бишкек, 10.02.22. /Кабар/. Бүгүн, 10-февралда Ош шаарынын мэри Алмаз Мамбетов “Гайе” фондунун башкармалыгынын төрагасы Мехмет Сиддик Акшит баштаган өкүлдөр жана Түрк тилдүү мамлекеттердин биримдиги уюмунун башкы катчысынын орун басары Султан Раев менен жолугушту. Бул тууралуу Ош шаардык мэриясынын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, жолугушуунун жүрүшүндө эки тараптуу мамилелерди өнүктүрүү, биргелешкен инвестициялык долбоорлорду ишке ашырууну, түрк тилдүү мамлекеттердин шаарларынын социалдык-экономикалык жана руханий байланыштарын өркүндөтүүнү талкуулашты.

Алмаз Мамбетов өз сөзүндө Ош шаарынын туристтик мүмкүнчүлүктөрүнө, айрыкча “Ош - Улуу Жибек жолунун провайдери” деп аталган туристтик брендден соң туризм тармагын жакшыртууга көңүл бурулуп жатканына токтолду.

Ошондой эле жолугушууда медицина, билим берүү, санариптештирүү, инвестиция тартуу боюнча өз ара аракеттенүү маселелери талкууланды. Соңунда кызматташууну бекемдөө пикирине келишти.

Пикир

Оставить комментарий