• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Ош шаары тарабынан Исфананын жолуна коюлган жарыктандыруу ишке берилди

Коом 0

Бишкек, 10.09.21. /Кабар/. Бүгүн, 10-сентябрда Лейлек районунун Исфана шаарында Ош шаарынын колдоосу менен 3 километр жерге 72 жарыктандыруу мамылары орнотулуп, колдонууга берилди. Бул тууралуу Ош мэриясынын басма сөз кызматы билдирет.

Тапшыруу аземине Ош шаарынын мэриясынын тышкы байланыштар жана аналитика башкармалыгынын башчысы Мирлан Исраилов, Лейлек районунун акиминин орун басары Абдырашит Ташбалтаев, Исфана шаарынын мэри Чынгызбек Рысов, шаардык кеңешинин төрагасы Бакытбек Сапаев, "Ошсвет" муниципалдык ишканасынын жетекчиси Марипжан Эндешов жана башкалар катышты.

Тышкы байланыштар жана аналитика башкармалыгынын башчысы Ош шаары Баткен элин ар тараптуу колдоого даяр экендигин билдирип, мындан ары да тыгыз кызматташуу уланып, мамлекет гүлдөп өсүүгө гана карай бет алсын деген тилегин кошумчалады.

Белгилей кетсек, апрель айында Баткен облусундагы түзүлгөн өзгөчө кырдаалга ар тараптан колдоо көрсөтүп, ыкчам жардам берүү, жарандардан келген ар бир материалдык, моралдык жардамдарды мыйзам чегинде көрсөтүү максатында Ош шаарынын мэриясында иштер жүрүп баштаган. 4-майга чейин Баткен облусунун атайын штабына гуманитардык жардам өз учурунда жеткирилген. Ал эми апрель айында мэриянын атайын эсептик счеттуна түшкөн акча каражаттына Министрлер Кабинетинин төрагасынын «Баткен облусун социалдык - экономикалык жактан тездетип өнүктүрүүнү, калктын бакубаттыгын жана жашоо сапатын жогорулатууну камсыз кылуу максатында, топтолгон көйгөйлөрдү тез арада чечүү зарылчылыгын көңүлгө алуу" буйругун аткаруу максатында, Исфана шаарына кире берүүчү жолдун бир тарабына түнкү жарыктандыруу иштери "Ошсвет" ишканасы тарабынан башталып, учурда тапшырылды.

Пикир

Оставить комментарий