• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Ош шаары жана Ош облусу коронавирус боюнча “кызыл зонага” кирди — Рахматуллаев

COVID - 19 0

Бишкек, 08.06.21. /Кабар/. Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министринин орун басары Жалалидин Рахматуллаев брифингдин жүрүшүндө Ош шаары жана Ош облусу коронавирус боюнча “кызыл зонага” киргендигин билдирди.

“Ош шаарында сутка ичинде коронавирустун лабораториялык жактан тастыкталган 50 учуру катталды, Ош облусунда жаңы катталган 32 учурдун 28и лабораториялык жактан тастыкталган, ал эми клиникалык-эпидемиологиялык белгилери менен 4 учур катталды”, - деди ал.

Рахматуллаев белгилегендей, Кыргызстанда буга чейин Бишкек шаары, Чүй жана Ысык-Көл облустары “кызыл зонага” кирген.

Пикир

Оставить комментарий