• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Ош шаары жылуулук берүүгө даяр

Аймак 0

Бишкек, 23.09.21./Кабар/. Ош шаары жылуулук берүүгө даяр, - деп маалымдады Ош шаардык мэриясынын басма сөз кызматы.

Билдирүүгө ылайык, күн мурун, 23-сентябрда, Ош шаарынын мэри Алмаз Мамбетов Ош муниципалдык «Жылуулуккамсыздоо» ишканасынын ишмердүүлүгүн көрдү. Аталган ишкананын жетекчиси Бекмурза Эргешов ишкана кышка толугу менен даяр экендигин билдирди.

Анда шаар башчысы жабдыктарды алмаштыруу менен электр энергиясын үнөмдөө багытын карап чыгуу зарылчылыгы бар экендигин билдирди.

Алгач шаар башчысы ЮВР-2 отканасына барды. Бул откана 1975-жылы курулуп, мазут менен иштеген, бирок 1998-жылы шаардын экологиясын сактоо максатында жогорку чыңалуудагы электр отунуна которулган. Откана 16 көп кабаттуу үйдү, бир балдар бакчасын, бир мектеп, бир балдар китепканасын, Илим мектебин жана ОшТУнун колледжин тейлейт.

Шаар башчысы кышында тургундарды жылуулук менен камсыздоодо маселе болбош керек деп билдирип, даярдыкты күчөтүү тапшырмасын берди.

Ош муниципалдык «Жылуулуккамсыздоо» ишканасында жалпысынан 86 откана бар. Алардын 19 электр энергиясы, 66 көмүр, 1 откана газ жана көмүр менен иштейт. Шаар боюнча 95 мамлекеттик жана социалдык мекемени, 303 көп кабаттуу үйдү, 230 менчик үйдү жылуулук менен камсыздайт. Жалпы 14 миң 190 абонент бар.

Пикир

Оставить комментарий